Москвадагы кыргызстандык ишкерлер Исхак Раззаковдун кызынын дарегин издешүүдө

1 май 2019 12:28 13039 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Москва шаарында иштеп жана жашап жатышкан 300дөй кыргызстандык ишкер Кыргыз ССРинин көрүнүктүү ишмери Исках Раззаковдун кызы менен небересинин жашаган дарегин издеп жатышат. Бул тууралуу barometr.kg сайтына ишкерлер кабарлады.

Буга чейин белгилүү коомдук ишмердин кызы Элмира Раззакова жана небереси Берк тууралуу маалымат жарыяланган. Элмира Раззакова 4 жолу инсульт алып, ден соолугу начарлап, дары-дармектин күчү менен жашап жатканы айтылган.

“Жашоо-шарты албетте оор эле. Уулу Берк да иштебейт, майыптыгы бар. Тиллаев улуу инсандын урпактарына акчалай жардам берди жана Элмира эжебиздин жашоо-шартын жакшыртууга тийиштуу аракеттерди көрөрүн айтты. 2020-жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленет”,-деп жазган Фейсбуктун колдонуучусу Сайрагул Дуулатова.

Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев да барып Раззакованын абалын сураган.

“Биз Элмира эженин жашаган дарегин билүүгө көмөк берүүнү сурайбыз. 300гө жакын ишкер эжеге колдоо көрсөтүүнү макулдаштык”,-деп билдиришти редакцияга кыргызстандык ишкерлер.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvadagy-kyrgyzstandyk-ishkerler-ishak-razzakovdun-kyzynyn-daregin-izdeshd



Добавить комментарий