Москвада ымыркайын сатууга аракет кылган кыргызстандык келин 4,6 жылга кесилди

18 февраль 2020 18:31 569 Расул Мурат
Бөлүшүү:
ok

Москва шаарынын Преображенск райондук соту Кыргызстандын 24 жаштагы тургуну Барнохон Расулжан кызына айыбын угузуп, 4,6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Москванын прокуратурасы билдирди.

Ал адам сатуу беренеси боюнча айыпталган.

Ага ылайык, соттолгон аял Татарстандын Альметьевск шаарында жашап келген. Анын 2015-жылы туулган баласы болгон. Кийин боюнда болуп калып, акчанын тартыштыгынан улам 2017-жылы төрөлө турчу кызын сатууну пландаган. Бул ишти ишке ашыруу үчүн социалдык тармакка жарыя берген.

Анын билдирүүсүн окуган укук коргоо органдарынын өкүлдөрү аялдын шартына макул болуп, аны Москвага алып келип, багууга жана кызы төрөлгөнгө чейин камсыздоого көнүшкөн. Бирок төрөткө аз калганда аял байланышка чыкпай, кызын өзү тарбиялоону чечкен.

Дагы жарым жылдан кийин ал кезектеги төрөй турчу ымыркайын асырап алчу кишилерди табууну пландап, бул боюнча социалдык тармакка билдирүү жазган. Ал баланы сатып алабыз дегендер менен сүйлөшүп, баласын 1 миллион рублге сатууга макулдашышкан.

Кийин ал Москвага келип төрөп, ымыркайды сатып алуучулар ижарага алган батирде бир айдай жашаган. Андан соң ымыркайын башкаларга камкордукка берүү боюнча тил кат жазып берип, 1 миллион рублди алгандан кийин колго түшкөн.

Учурда анын үч баласы чоң энесинин колунда тарбияланууда.

Сот кыргызстандык келинди 4 жыл 6 айга кесип, жалпы түзөтүүчү колонияда жазасын өтөйт деп өкүм чыгарган.

Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-ymyrkajyn-satuuga-araket-kylgan-kyrgyzstandyk-kelin-46-zhylga-kesildi



Добавить комментарий