Москвада Олимпиада чемпиону суука тоңуп каза болду
Москвада 80-жылдары ат оюндары боюнча Олимпиада чемпиону болгон Александр Блинов суука тоңуп каза болду. Бул тууралуу "Московский Комсомолец” жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Белгилүү ардагер спортчу Блинов 9-февралдан бери дайынсыз болуп изделип жаткан. Олимпиада чемпионун издөө иштерине полиция кызматкерлери жана ыктыярчылар кошулган. Бирок, издөө иштеринен эч кандай жыйынтык чыккан эмес.
2-мартта белгилүү ардагер спортчунун сөөгү өзү жашаган Андреевское айылындагы аткананын жанындагы кар алдынан табылган.
Маалым болгондой, өзү жашаган үйгө жетерине 150 метр гана калган экен.
"Полиция кызматкерлери табылган күбөлөрдүн жана байкоо камераларындагы жазуулардын жардамы менен трагедияга чейинки кырдаалды билүүгө жетишти. Ошол каргашалуу күнү ал банктан акча алып, супермаркетке барган, дүкөндүн байкоо камерасынан көрүнүп тургандай спортчунун абалы жакшы эмес болчу. Өзү жашаган Андреевское айылына жетүү үчүн ал таксиге олтурган. Бирок, ал үйүнө жетпей 500 метрдей алыстыктан түшүп калууга аргасыз болгон. Такси кызматкеринин айтымында, кардын калыңдыгынан улам унаа жүрүүгө мүкүн болбой Блиновду ара жолдон таштап кетүүгө туура келген. Абалынын начарлашынан улам, ал үйүнө жете албай эс-учун жоготуп жатып калып, суукта тоңуп каза болгон", - деп айтылат басылманын маалыматында.
Эске сала кетсек, Александр Блинов 80-жылдары ат оюндары боюнча Олимпиада чемпиону болгон. Мындан тышкары, спортчу Советтер Союзунун Эмгек сиңирген спорт чебери наамын алган.
Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-olimpiada-chempionu-suuka-kaza-boldu
Добавить комментарий ×