Москвада Кыргызстандын жаранын поезд коюп кетти

21 февраль 2020 13:51 1505 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москвада  Удельная – Малаховка перегонунан поезд кишини коюп кеткен. Бул тууралуу “Москва” маалымат агенттиги укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Ага ылайык, поезд коюп кеткен киши Кыргызстандын жараны экени белгилүү болгон.

“20-февралда саат 18:00дөр чамасында Удельная – Малаховка перегонунан поезд Кыргызстандын 24 жаштагы жаранын коюп кетип, ал жаракат алган”, — деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге транспорт полициясынын кызматкерлери келишкен. Ал боюнча толук маалымат берилет.

Жаракат алган киши Слифосовский атындагы ооруканага жеткирилген

Ссылка: https://barometr.kg/moskvada-kyrgyzstandyn-zharanyn-poezd-koyup-ketti



Добавить комментарий