Москвада Кыргызстан менен Өзбекстандын Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда чек ара маселеси каралды
Кече, 9-сентябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстандын Тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов менен чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын прогрессивдүү өнүгүшүн канаттануу менен белгилешти. Инвестиция, соода-экономикалык жана чек ара кызматташтыгы маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган бөлүгүн делимитациялоону аяктоо жана аймакта коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.
Өз ара сооданы көбөйтүү максатында коронавирустук инфекциянын пандемиясынын терс таасирин жоюу боюнча макулдашылган чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашуу жүрдү.
Тышкы иштер органдарынын жетекчилери эки тараптуу деңгээлде өз ара аракеттенүүнү сактоо жана чыңдоо маанилүү экендигин белгилешти
Добавить комментарий ×