Москва жана Ю. Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ун чыгаруучу завод өрттөнүп жатат
Бөлүшүү:
Бишкек шаарындагы Москва жана Ю. Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан ун чыгаруучу завод өрттөнүп жатат. Бул туурасында ӨКМ билдирди. Өрттү өчүрүүгө бүгүн таңкы 04:55 тен баштап Бишкек шаарындагы Ленин, Октябрь, Свердлов райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмдөрүнөн куткаруучулар, ошондой эле Бишкек шаардык куткаруу бөлүмүнөн бир штаб кошулуп, бардыгы 5 бөлүмдүн куткаруу кызматкерлери аракет кылып жатышат. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери жана Бишкек Тазалык ишканасынан 4 суу ташуучу унаа тартылган. Кырсыктын себептери азырынча тактала элек. Өрттү өчүрүү иштери уланууда.
Добавить комментарий ×