«Мобильник» мурдагы жетекчилерине карата Башкы прокуратурга арыз жазды

22 март 2019 10:41 5429 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Мобильник» жоопкерчилиги чектелген коому бир канча адамдардын тобу тарабынан ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча Башкы проркуратурага арыз берди.

Компаниядан маалымдашкандай, көзөмөл органы компаниянын арызын кабыл алды.

«Мобильник» ЖЧКсынын кабарында айтылгандай, компания Адилет Боотаевдин кылмыштуу аракеттери боюнча фактынын негизинде аны кылмыш жообуна тартууну  суранды. Ошондой эле «АсИсНур” ЖЧКсынын, Боотаев Адилет, Абышкаев Эрнест, Джоошбаев Таирдин мүлктөрүн камакка алууну талап кылышты.

Компания айтып жаткан версияга ылайык, жогорудагы аталган тараптар «АсИсНур» төлөм терминалдарын «Мобильник» компаниясынын проргаммалык камсыздоосуна кошушкан. Бул «АсИсНур» компаниясынын калктан «Мобильник» компаниясына алынган акчаны “АсИсНурдун” терминалдары аркылуу алууга мүмкүндүк түзгөн. Ушундан соң компания акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланган, ал эми формалдуу түрдө жоопкерчилик «Мобильник» ЖЧКсына жүктөлүп калган.

 Жогоруда аталган схеманы мыйзамдаштыруу үчүн «Мобильник» компаниясынын мурдагы төрагасы Боотаев Адилет Туркменович «АсИсНур» ЖЧКсынын директору Джоошбаев Таир Нарбутаевич менен субагенттик келишим түзгөн. Ошондон кийин ал 2018-жылдын ноябрь айында «Мобильник» компаниясынан бошоп кеткен.

Боотаев 2019-жылдын 1-январынан 2019-жылдын 20-февралына чейин өзүнүн төлөм терминалдары аркылуу калктан 11 522 702,47 сом алган.

Учурда тиешелүү документтер Башкы прокуратурага жөнөтүлдү.

 

  

Ссылка: https://barometr.kg/mobilnik-murdagy-zhetekchilerine-karata-bashky-prokuraturga-aryz-zhazdy



Добавить комментарий