Мөөнөтү бүткөндө салык төлөгөн жарандар. 10 күн ичинде 158 миллион сомдон ашык транспорт салыгы төлөнгөн

11 сентябрь 2020 12:07 1293 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматы жарандар акыркы 10 күн ичинде 158,5 млн сом автоунаа салыгын төлөгөнүн билдирди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

“Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү аяктагандан берки 10 күндүн ичинде жарандар 158,5 млн сом салык төлөштү. Жыл башынан бери жалпы 685,5 млн сом транспорт салыгы чогултулду”, -деди аталган мекемеден.

Эскерете кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаганына карабастан, бул салыкты башкаруу дагы да улантылууда.

Мыйзамга ылайык, салыкты белгиленген мөөнөттө төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлери салык милдеттенмесинин негизги суммасынан тышкары, ар бир кечиктирилген күн үчүн административдик айып жана туум төлөөгө мажбур болушат. Жеке жактар үчүн айыптын өлчөмү 1000 сомду, юридикалык жактар үчүн – 5000 сомду түзөт.

Салык кызматы транспорт салыгын төлөөгө үлгүрбөй калган унаа ээлерин туумдун көп эсептелбеши максатында салыкты азыр төлөөгө чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/mnt-btknd-salyk-tlgn-zharandar-10-kn-ichinde-158-million-somdon-ashyk-transport-salygyn-tlshkn



Добавить комментарий