Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды үйдө окутуу тууралуу жобо бекитилди
Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө жобо бекитилди. Тийиштүү чечимге кыргыз республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган документ ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген же катуу ооруга кабылган мектеп жашындагы балдардын билим берүү менен камтылышын кеңейтүү максатында кабыл алынган.
Балдарды үйдө жеке окутууну уюштуруу жөнүндө аталган жобо ден соолугу боюнча жеке окутууга муктаж болгон балдар үчүн билим берүү процессин үйдө уюштуруу тартибин аныктайт.
Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу алардын билим алуу укуктарын коргоого багытталган.
Балдарды үйүндө жеке окутууну уюштуруу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү же оорунун катуу формасы менен ооруган балдардын категориясына кирген 7ден 18 жашка чейинки 1-11-класстын окуучулары үчүн жалпы билим берүү уюмдары тарабынан ишке ашырылат.
Үйүндө окутуу менчигинин түрүнө карабастан бардык түрдөгү жалпы билим берүү уюмдарындабилим берүүнүн бардык баскычтарында уюштурулат.
Белгилей кетсек, окуучулар мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында билим берүүнүнбардык баскычтарында акысыз окууга укуктуу.
Ссылка: https://barometr.kg/mmknchlg-chektelgen-baldardy-jd-okutuu-tuuraluu-zhobo-bekitildi
Добавить комментарий ×