Митингчилер Садыр Жапаровду президенттин милдетин аткаруучу болот деп жарыялады
Кече, 5-октярда борбор калаанын Ала-Тоо аянтында митингчилер шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган митинге чыгышкан. Башталган тынчтык митингдер массалык башаламандык менен уланып, алар Жазык кодексинин оор беренелери боюнча айып коюлган Кыргызстандын мурунку президенти Алмазбек Атамбаевди УКМКнын тергөө абагынан чыгарып кетишкени кабарланууда.
Ошону менен катары эле митингчилер №27 колонияда отурган саясатчы Садыр Жапаровду абактан алып чыгып, аянтта чогулган митингчилерге алып келишип, сөз беришкен.
Садыр Жапаров аянттагы элди тарап кетүүгө үндөп, баары мыйзам жолунда чечилерин айтты.
Трибунадан митингге чыккандар Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болот деп жарыялап, "Садыр - президент!" деп кыйкырып ураан чакырып турушту.
Эске сала кетсек, УКМК Садыр Жапаровду 2017-жылдын 25-мартында чет өлкөдөн келген учурда кармап, камакка алган.
Митингчилер абактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду да Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясынан чыгарылуусун талап кылышкан. Кийинчерээк Сапар Исаков да бошотулганы кабарланды.
Эске сала кетсек, 2018-жылы камакка алынган Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун, Улуттук тарых музейин оңдоого жана Чолпон-Атадагы ипподромду реконструкциялоого байланышкан кылмыш иштери боюнча айыпталган.
Ага утурлай эле, мурунку депутат Равшан Жээнбеков да абактан бошотулганы кабарланды.
Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Ал Бишкектеги №1 тергөө абагында отурган. «Жарандык көзөмөл комитети» уюму аны саясий туткун деп тааныган.
Добавить комментарий ×