Мисс Парагвай сулуулар конкурсунда жеңгенин укканда эси ооп жыгылып калды
Бөлүшүү:
Miss Grand International сулуулар конкурсунун жеңүүчүсү Парагвайлык Клара Соса сахнадан өзүнүн жеңгенин укканда эсин жоготуп жыгылып калды. Маңдайында турган Индиялык сулуу Минакши Чаудхари кармаганга үлгүрбөй калган. Бул тууралуу интернетке аталган окуянын видеосу чыкты.
Видеодо көрүнүп тургандай сулуулар бири-бирин карап кармашып турушкан. Качан "Парагвай" деген жарыяны укканда өзүн жоготуп жыгылып түшкөнүн көрүүгө болот. Бир аздан соң өзүнө келип, таажыны кийген. Miss Grand International конкурсу Мьянмада өттү.
Ссылка: https://barometr.kg/miss-paragvaj-suluular-konkursunda-zhegenin-ukkanda-esi-oop-zhygylyp-kaldy
Добавить комментарий ×