"Мисс Кыргызстан-2018" сынагына тандоо башталды
Бишкекте 14-октябрдан тартып "Мисс Кыргызстан-2018" сынагына тандоо башталат. Бул тууралуу былтыркы "Мисс Кыргызстан-2017" сынагынын жеңүүчүсү Бегимай Карыбекова билдирди.
Кастингге 16 жаштан 25 жашка чейинки бою 168 ден жогору болгон кыздар катыша алышат.
Былтыркы чырлуу конкурстун жеңүүчүсү Бегимайдын айтымында конкурс дүйнөлүк деңгээлге жооп бергидей стандартта өткөрүлөт. Анткени, "Мисс Кыргызстан-2018" титулунун жеңүүчүсү Кыргызстандын атынан дүйнөлүк конкурска катышууга жолдомо алат. Ал эми «Вице Мисс» титулуна ээ болгон сулуу саякаттоого мүмкүнчүлүк алат.
Эске салсак, "Мисс Кыргызстан-2017" конкурсу ар кандай интигралар менен коштолуп, титулга ээ болбой калган кыздар "конкурс таза өткөн жок" деген айыптоолор менен арыз жазышып, аягы чыр менен бүткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/miss-kyrgyzstan-2018-synagyna-tandoo-bashtaldy
Добавить комментарий ×