Мирланбек Примкулов: Билими менен чечкиндүүлүгүнө ишенген талапкерге добуш бериңиз!
Эл өкүлү болуу жөн эле чартаңбай тээп жүрүү эмес, жоопкерчилик. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаттыгына “Ишеним” саясий партиясынан талапкер Мирланбек Примкулов маектешүү маалында билдирди. 28-ноябрда өткөрүлө турган Жогорку Кеңештин шайлоосуна “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен шайлоого катышууда. Примкулов Мирланбек Исламбекович үчүн партиянын тизмесинде №53 катарда добуш берсеңиз болот.
- Сиз шайлоого эмнеге аттандыңыз, бул эмнени өзгөртөт?
- Мен шайлоого аттанган жокмун, эл менен өкмөттүн, эл менен бийлик бутактарынын ортосунда мыйзамдуу өкүл болууга, эл арткан ишенимди актоого бел байладым. Эл өкүлү болуу жөн эле чартаңбай тээп жүрүү эмес, жоопкерчилик. Менин бул жоопкерчиликке бел байлоом жаңы кадамдарга, жаңы өзгөрүүлөргө алып барат. Ар бир адам өзгөрүүнү, жаңыланууну өзүнөн башташы керек. Биз – Ишеним партиясы ушул өзгөрүүлөрдү өзүбүздөн баштайбыз. Ал өзгөрүүлөр – паракорлукка бөгөт коюу, экономиканы өнүктүрүү, экологиянын бузулуусуна жол бербөө.
- Сизге шайлоочу эмнеге добушун берүүсү керек?
-Мамлекеттин өсүүсү үчүн, жаңы кадамдарга баруу үчүн. Биздин партиядагы жаштар мындай өзгөртүүлөрдү жасай алышат. Урматтуу шайлоочум!
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине "Ишеним" партиясынан талапкерлигимди коюп жатып, алдыдагы асыл максаттарды ушул кадам аркылуу ишке ашырууну ниет кылдым. Алгачкы максатым элдин ишенимдүү өкүлү болуу менен бирге жогорку деңгээлде чечиле турган маселелерди көтөрүү.
30 жылдык тарыхыбыз өйдө-төмөн, оомал-төкмөл заман менен коштолду. Жогорудагы маселелердин чечилиши экономикага тыгыз байланышкан. Өлкөбүздө экономиканы көтөрө турган мүмкүнчүлүк — адилеттүү башкаруу, энергетика, тоо-кен, айыл-чарба, туризм тармактарына өзгөчө көңүл буруу зарыл. Көтөрүлгөн экономикабыз аркылуу билим берүү, медицина, социалдык жана маданият тармактарын реформалоого жол ачылат. Элибизде “Казанда болсо, чөмүчкө чыгат” деген нускалуу сөз бар. Бул жолку шайлоодо казанында бар татыктуу уул-кыздарды шайлап бересиздер деген үмүттөмүн.
Байлык-мансабына ишенгендерди эмес, билими менен чечкиндүүлүгүнө, акылына, интелектуалдык деңгээлиине ишенген талапкерге добуш бересиз деп ишенем.
Талапкер Примкулов Мирланбек Исламбекович тууралуу маалымат
Примкулов Мирланбек Исламбекович 1989-жылдын 11-июнда Ош областынын Араван районуна караштуу Кичик-Алай айылында туулган.1997-2007-жылдары Т.Осмонов атындагы орто мектебинде билим алган. 2007-2012-жылдары Ош Технологиялык универститенин технология жана жаратылышты пайдалануу адистиги боюнча билим алган.2013-2019-жылдан тарта Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясында адистиги боюнча кызмат кылган.2019-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенүүдө.
Даярдоочу: «Barometr.kg.» редакциясы. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 26-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).
Добавить комментарий ×