Мирлан Самыйкожо КТРКнын башкы директору болбойм деди

6 март 2019 13:31 1188 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акын Мирлан Самыйкожо КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлигин алып салганы тууралуу маалымдады.Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жарыялады.

“Урматтуу, улуулукту жана актыйкатты туу туткан санаалаштарым, тилектештерим! Алгач баарыңарга рахмат айтуу менен сөз баштайын. Мага ишеним артып, пикириңерди билдирип жатканыңыздарга чоң рахмат! Мен тааныгандан да тааныбаган замандаштарым өтө көп колдоо көрсөттү. Мен, ар бир тилегиңерди жүрөгүмдөн өткөрүп кабыл алдым. КТРКга Сиздер, эл айтып жаткандай акыйкат жана чебер адам керек. Анткени коомчулук менен кошо мезгил дагы чыныгы профессианалдуулук менен сапаттуулукту жана элдин пикирин эске алган калыс жетекчини күтүп жатат. Мен ошондой жетекчи болууга бар аракетимди жумшоого даяр элем. Көзүм жетпегендиктен же иштен коркконумдан чегингеним жок. Ошол эле учурда эч бир жактардан (бийлик же жеке тараптардан) да кысым болбогонун баса белгилейм!

Менин талапкерлигимди алуумдун максаты алдыдагы шайлоону жокко чыгарбоо үчүн болду. Биз, ар-бирибиз кол жеткен жерден эле ишти кыйрата берсек кандай болот?!..антип атып эмнеге жетиштик! Өз кызыкчылыгымды көздөп ыпылас оюнга аралашкым келген жок. Мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн ар бирибиз жоопкербиз деп түшүнөм. Мамлекеттин бүтүндүгү бизге эле эмес төрөлө элек келечекке да керек. А мамлекетти эл түзөт. КТРК коомго туура багыт берүүгө милдеттүү. Мен, КТРКнын Байкоочуу кеңешине ынтымак каалайм. Бөлүнүп-жарылуу менен эч бир максат таза болбойт! Ар бириңиздерди терең ойлонуп, бир муштумдай пикирге келип акыйкат чечим чыгарууга чакырам!”,-деп жазды акын

Эскерте кетсек, бүгүн 6-мартта Байкоочу кеңеш КТРКнын жетекчиси ким болорун жабык добуш берүү аркылуу аныктамакчы.

 

Ссылка: https://barometr.kg/mirlan-samyjkozho-ktrknyn-bashky-direktoru-bolbojm-dedi



Добавить комментарий