Мирбек Асаналиев: "Шордуу элдин шорпосун кайнаткандан бөлөк кылган ишиңер жок. Жол акысынын 12 сом болушуна макул болгонуңар уят"

12 январь 2019 05:50 2835 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги маршруттук каттамдардын жол кире акысы 2 сомго жогорулашы мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн мэриядан Гуля Алмамбетова билдирген эле.

Маалымат коомчулука тарап катуу талкуунун жаратты. Көпчүлүк айдоочулардын карапайым калкка жасаган мамилеси, көпчүлүк  маршуткалардын техникалык талапка жооп бере албастыгы тууралуу айтып нааразычылыктарын билдиришүүдө. Бул маселе боюнча ар ким өз оюн айтып талкууга өз салымын кошкондордун катарын Мирбек Асаналиев да толуктады. Ал өзүнүн пикири менен Barometr.kg сайтына бөлүштү.

Мирбек Асаналиев өз билдирүусүндө: 

"Доңуз жылында догурунган Бишкек мэриясы. Анча болду маршрутканы мага десең 12 сом эмес 22 сомго көтөргүлө, бирок элди мал жүктөгөндөй жүктөп мурун колтукка, бет терезеге чапталгыча тыгып албай эреже, тартип киргизгиле. Айдоочулар адамдарды мал жүктөгөндөй жүктөшөт. Айтсаң маршрутту катуу айдап, какырынып түкүрүнүп, терезени ачып, кааласа тамеки тыртып жыл артка деп беттен алат. Ар бир маршрут 20 адамдан ашык салбасын деген талап койгула. Антпесе маршруткага түшүп көрдүңөр беле 40-50 адамды тыгып алып жүрүшөт. Жол кирени эмес кантип тыгынды азайтабыз, маршруттун каттоо убактысын тездетебиз, кантип автобусту көбөйтөбүз, троллейбуз линияларын узартып, көбөйтөбүздү ойлонбойсуңарбы? Шордуу элдин шорпосун кайнаткандан бөлөк кылган ишиңер жок. Маршрутниктер митингге чыгабыз десе 12 сомго макул деп атканыңар уят" -деп маршруттук унаанын айдоочуларына нааразычылыгын билдирди.

Эске салсак, өткөн, 2018-жылда маршруттук таксинин айдоочулары иш таштоого кылып жол кирени 12 сомго көтөрүү талабын коюшкан. Бирок талаптары аткарыллбаган айдоочулар 2 күндүк иш таштоодон кийин кайра жумушка чыгышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/mirbek-asanaliev-shorduu-eldin-shorposun-kajnatkandan-blk-kylgan-ishier-zhok-zhol-akysynyn-12som-bolushuna-makul-bolgonuar-uyat



Добавить комментарий