Милициянын унаасы кырсыкка кабылды
Бөлүшүү:
Милициянын унаасы кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Чүйдүн Сокулук районунда Талас ОИИБге таандык «УАЗ» үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетти. Окуя кечээ, 17-августта болгон. Жүрүп бара жаткан унаанын алдыңкы дөңгөлөгү бузулуп калган. Анын кесепетинен унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Ссылка: https://barometr.kg/miliciyanyn-unaasy-kyrsykka-kabyldy
Добавить комментарий ×