Милиция кызматкерлери жарандык коомдон автоунаа алышты
2019-жылдын 4-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМде автунааларды тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов, ИИМдин Борбордук аппаратынын башкармалыктарынын жана кызматтарынын башчылары менен жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.Башкы директору Тимур Файзиевдин атынан "Элит Хаус" курулуш компаниясынын өкүлү иш-чаранын алдында сүйлөп жатып, Кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекеси менен ички иштер органдарынын кызматкерлерин куттуктап, тынчтыкты каалап кетти. Андан сырткары ишкер Мирлан Исагалиев сөз сүйлөдү.Мамлекет тарабынан милициянын ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон шарттар түзүлүп жаткандыгын коомчулук байкап жаткандыгы белгиленди. Ошондой эле, айлык акысы көтөрүлүп жаткандыгы, заманбап материалдык-техникалык каражаттар, автоунаа, байланыш каражаттары менен компьютердик техникалар менен камсыздалып жаткандыгы айтылды.Андан соң, ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан реформаларга жана Милициянын кайгуул күзөт кызматынын башкармалыгы ишке киргендигине байланыштуу ишкерлер "Коопсуз шаар" долбоорун ишке ашырууга өз салымдарын кошууну чечишкен. Аталган курулуш компаниясынын жетекчилиги ички иштер министрлигине "Лада Гранта" үлгүсүндөгү жаңы автоунаасын тапшырды. Ал эми, Мирлан Исагалиев ИИМге тез жардам унаасын белекке берди.Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Мирлан Каниметов өлкөдөгү коомдук коопсуздукту камсыздоого салымын кошкондугу үчүн ишкерлерге ыраазычылыгын айтып, ИИМ ар убак материалдык-техникалык камсыздоону жакшыртууга өзгөчө көңүл бурулууда деп билдирди. Бүгүн алынган жаңы автоунаа каражаттары кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти камсыздоодо жардам берет.
ИИМдин Басма сөз кызматы
Ссылка: https://barometr.kg/miliciya-kyzmatkerleri-zharandyk-koomdon-avtounaa-aldy
Добавить комментарий ×