Мэрия: Дасмия рестораны Элмирбек Иманалиевге куран окутуудан баш тартты

13 июнь 2020 13:32 2538 Barometr
Бөлүшүү:
ok

  

“Дасмия” рестораны манасчы, акын Элмирбек Иманаливге куран окутуу иш чарасын өткөрүүгө баш тартты. Бул тууралуу шаардык Мэрия билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы учурда коюлган чектөөлөргө баш ийбей, санитардык нормаларды кафе жана ресторандар бузуп жатканын белгилейт.

“Октябрь районунун мобильдик тобу МТУ менен биргеликте көп адам чогула турчу иш чаралар тууралуу түшүндурмө иштерин жүргүзүштү”- дейт Мэриянын басма сөз кызматы.

Акынга багышталып окула турган куран  “Тунгуч” кичи районундагы акындын үйүндө 5 боз үй тигүү менен өткөрүлөт.

Анда бардык санитардык нормалар сакталаарын, уюштуруучулар белгилеп өтүштү. Бир учурда 50 дөн гана адам чогула алат.

Ошондой эле талапты аткарбай, адамдардын ден соолугуна кайдыгер караган “Салтанат” (Кара-Жыгач) жана “Сары-Челек” ресторанына айып пул салынды.

Ссылка: https://barometr.kg/meriya-dasmiya-restorany-elmirbek-imanalievge-kuran-okutuudan-bash-tartyshty



Добавить комментарий