Менструациянын циклынын бузулушу көп учурда гинекологиялык оорунун белгиси
Кыздардын өспүрүм кезинде ден-соолуктарында өзгөрүүлөр болуп айызы (менструация) белгилер пайда болгондо башталат.
Анын кечигиши кыздардын ден соолугуна, социалдык жана турмуш шартына, ички секреция бездеринин функциясынын бузулушуна байланыштуу болот. Ошондуктан 14— 16 жашка чейин кыздарда айызы келбесе аялдар консультациясына врачка кайрылуу керек. Биринчи этек кир күтүлбөстөн келген учурда кыздар коркуп, кайгырышы мүмкүн. Ошондуктан кыздарды буга мурдатан абдан этияттык менен даярдоо зарыл. Көпчүлүк аялдардын айызы белгилүү убакытта кайталанып, келүү мөөнөтү да туруктуу болот, жалпы абалы анча өзгөрбөйт. Айрым аялдарда табарсыктын тушу, бел ооруйт, этек кирдин келүү мөөнөтү бузулат. Кээде аз-аздан, анда-санда же катуу ооруп кан көп кеткен учуру да болот. Этек кир циклинин бузулушу көп учурда гинекологиялык оорунун белгиси болгондуктан врачка кайрылуу зарыл.
Кээде этек кир келерде баш ооруп, алы кетип, эмчек катууланат, баш айланат, уйку качат, жүрөк тез кагат. Мында да врач менен кеңешүү керек. Аялдын ден соолугу, анын организминин иш-аракети тиричилик шартына, бала чактан туура багуу, тарбиялоого байланыштуу болот. Айрыкча өздүк гигиенаны сактоо, организмди чыңдоо, туура тамактануу чоң мааниге ээ. Гинекологиялык оорулардын алдын алууда айыз учурунда белгилүү гигиеналык эрежелерди сактоо маанилүү. Айыз каны микробдун көбөйүшү үчүн жагымдуу чөйрө болгондуктан алар жыныс кынына, жатынга, жатын кошумчаларына кирип, аларда сезгенүү процесстерди пайда кылат (Шилтеме: Андексит, Метроэндометрит). Этек кир мезгилинде күнүгө 2 жолу кайнатылган жылуу суу менен самындап жуунуп, душ алуу керек. Ваннага, сууга түшүүгө болбойт.
Менструация бүткөнчө өткүр татымал, алкоголь ичимдиктерин ичүүгө уруксат берилбейт, ал кан агууну күчөтөт. Үшүп калууга, өтө чарчоого, оорулуу менен жолугушууга болбойт, анткени бул учурда аялдардын организми начарлап, ар кандай ооруга тез чалдыгуусу мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/menstruaciyanyn-buzulushu-kp-uchurda-ginekologiyalyk-oorunun-belgisi
Добавить комментарий ×