“Менин досум – менин душманым” тасмасы Asian World Film Festival’ды жеңип алды
Кыргызстандык режиссёр Сүйүм Сулайманова Лос-Анжелес шаарындагы Asian World Film Festival’дын “Голден Глобус” сыйлыгын жеңди.
Бул тууралуу кино таануучу Гүлбара Төлөмүшова билдирди.
Анын айтымында, кыргыздын кызы Сүйүм Сулайманованын “Менин досум – менин душманым” (“Друг мой – враг мой”) аттуу кыска метраждуу тасмасы Эл аралык Азия кинофестивалында мыкты деп табылган. Эми режиссёр Сүйүм Сулаймановага “Ак илбирс” статуэткасы жана 5 миң АКШ доллары акчалай сыйлык берилет.
Кыска метраждуу тасмалар сынагында ат салышуу татаал болгонуна карабастан “Голден Глобус” мүчөлөрү Сүйүмдүн 4 мүнөттүк тасмасын жеңүүчү деп табышкан.
Буга чейин аталган тасма АКШнын Казакстандагы элчилиги жыл сайын өткөрүүчү “Снять за 48 часов” конкурсун жеңген.
Ссылка: https://barometr.kg/menin-dosum-menin-dushmanym-tasmasy-asian-world-film-festivaldy-zheip-aldy
Добавить комментарий ×