Мектептерде окуучулар батпай, эки смен менен окуп жаткандары айтылды
Ош областынын Кара-Суу районуна караштуу Октябрь айылындагы №47 Арстанбек Сапарбеков атындагы мектептин абалы өтө начар. Бул тууралуу билдирген депутат Дүйшөн Төрөкуловдун айтымында мектеп 196 окуучуга ылайыкташтырылып салынганы менен класстар жетишпей, окуучулар эки смен менен окушат. Мектепке жыл сайын ремонт жасалганы менен авариялык абалда.
"Айылда окуучулардын саны 200дөн ашкандыктан коңшу айылдагы мектептерге барып окуганга мажбур болушууда. Мугалимдердин сабак өтүүдөгү шарттары дагы начар. Жаны заманбап техникалар жетишпейт. Быйылкы жылдын эсебинен Ашырбек Мойдунович, ушул маселени көзөмөлгө алып берсеңиз"-деп суранды өкмөттөн депутат.
Бүгүн, 7-февралда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Күн тартип боюнча жыйында 10 маселе каралат. "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” мыйзамга, Эреже бузуу жөнүндө кодекске) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланат.
Ссылка: https://barometr.kg/mektepterde-okuuchular-batpaj-eki-smen-menen-okup-zhatkandary-ajtyldy
Добавить комментарий ×