Мектеп программасына арналып басылган китептерден толгон-токой каталар табылды

13 октябрь 2018 14:10 1483 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан мектептерине арналган жаңы окуу куралдарында толгон-токой каталар табылды. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аталган министрлик  басмакананы сотко берүүдө.

 Китепти басып чыккан  типография 6-орус класстар үчүн география боюнча китептин бекитилген үлгүсүн эмес, өз билемдикке салып, билген версиясын жарыкка чыгарган.

Эми чиновниктер 43 миң даанадан ашык китептер үчүн чыгымды толтурууну талап кылууда.

Эске салсак, окуу куралдын дээрлик ар бир бетинен грамматикалык, стилистикалык жана пунктуациялык каталар бул убака чейин да катталган.

Ссылка: https://barometr.kg/mektep-programmasyna-arnalyp-basylgan-kitepterden-tolgon-tokoj-katalar-tabyldy



Добавить комментарий