Мектеп директорлоруна 65 жаштан жогору жетекчилик кызматта иштөөгө чектөө коюлат
Мектеп жетекчилерине жана мектепке чейинки даярдоо мекемелериндеги жетекчилерге карата 65 жашка чейин иштөөгө чектөө киргизүү тууралуу сунушту Билим берүү жана Илим министринин орун басары Жусупбекова Надира бүгүнкү 26-декабрда мыйзам долбоору каралып жаткан парламенттик жыйында баяндама кылып жатып билдирди.
"Ушул мыйзам долбоорун колдоп берсеңиздер биз келишим түзүп жатканда 65 жашка чейин чектөө коёт элек. Эмне үчүн ушундай сунушту киргизип жатабыз, себеби бардык мамлекеттик кызматкерлерде 65 жашка чейин экен, бул мыйзам мектеп директорлоруна карата кирбей калыптыр. Ошондой эле муну менен жаңы кадрларды алмаштырып туруу максатында болуп жатат"-деди министрдин орун басары.
Депутат Жамалдинов Зиядин өлкөдө 65 жаштан өйдө канча директор бар деп суроо берди. Буга министрдин орун басары 20%дын тегеринде жетекчилик кызматтарда иштеген жашы 65 жашка барган кызматкерлер бар экендигин айтты.
Добавить комментарий ×