“Мекеним Кыргызстан” партиясы укук коргоо органдарына чагымчыларга чара көрүүнү талап кылды

17 март 2020 18:21 1062 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Мекеним Кыргызстан” партиясы укук коргоо органдарына Каракол шаарындагы чагымчылардын аракеттерине карата чара көрүү талабы менен кайрылды. 

Партиянын маалыматы боюнча, белгисиз жарандар шаардыктардын арасында конверттин сыртында “Мекеним Кыргызстан” партиясынын символикасы чапталып, ичинде принтерде басылган 2000 сомдук жасалма купюралар салынган каттарды таратып жатышат.

"Бул провокациянын аркасында биздин саясий атаандаштарыбыз турат деп ойлойбуз, алардын максаты – “Мекеним Кыргызстан” партиясын оюндан чыгаруу. Мамлекеттик органдар тарабынан мындай аракеттер Кыргызстандын жалпы шайлоо системасына карата ишенимди жок кылуу аракети катары бааланууга тийиш деп эсептейбиз.

Мындан тышкары провокациялык аракеттердин кылмыштык курамы бар экендигине көңүлүңүздөрдү бурабыз. Бул жерде жасалма акча жасоо фактысы көрүнүп турат, демек, Кыргызстандын жарандарына жана мамлекеттин финансы системасына каршы жасалган оор кылмыш болуп саналат.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы укук коргоо органдары бул кылмыштык аракеттерди уюштургандарды ыкчам таап, аларды мыйзамдагы бардык катаал жазык жоопкерчилигине тартат деп толук ишенет", - деп айтылат партиянын кайрылуусунда.



Ссылка: https://barometr.kg/mekenim-kyrgyzstan-partiyasy-ukuk-korgoo-organdaryna-chagymchylarga-chara-kr-talaby-menen-kajryldy



Добавить комментарий