Мейвезердин мурдагы дос кызынын сөөгү өз машинасынан табылды

12 март 2020 09:37 953 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык боксчу Флойд Мейвезердин мурдагы дос кызы, үч баланын апасы Жози Харристин сөөгү үйүнүн жанына токтотулган өз машинасынан табылды. Бул тууралуу TMZ сайты жазды.

40 жаштагы Харристин сөөгү полицияга маалымат келгенден кийин табылган. Маркумдун денесинен эч кандай зомбулуктун белгилери табылган эмес.

Мейвезер менен Харрис 1995-жылдан тарта 2010-жылга чейин кыз-жигит болуп жүрүшкөн. 2010-жылы Мейвезер дос кызы Харриске балдарынын көзүнчө кол көтөргөнү үчүн эки айга абакка кесилген. Харрис ага Мейвезер алты жолу зомбулук кылганын билдирген болчу.

Кийин Мейвезер телеканалардын бирине интервью берип, Харриске эч убакта көл көтөрбөгөнүн айткан. Ага жинденген Харрис анын ар намысына шек келтиргени үчүн боксердон 20 миллион доллар талап кылган.

Ссылка: https://barometr.kg/mejvezerdin-murdagy-dos-kyzynyn-sg-z-mashinasynan-tabyldy



Добавить комментарий