Медербек Алиев: Мыйзамдарды туу тутуп кызмат кылам деп убада берем!

26 ноябрь 2021 14:15 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күчүмдү, билимимди мамлекетибиздин бутуна турушуна, өнүгүүсүнө жумшайын деген тилегим, ниетим бар. Бул пикирин “Ишеним” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Медербек Алиев шайлоочуларына кайрылуусунда билдирди.

"Урматтуу мекендеш,

Мыйзам, Тартип, Мамлекет! 30 жылдан бери кыргыз көчү өз жолун таба албай жаткандай сезилет. Ары урунабыз, бери урунабыз.. жыйынтык жок. Жаңылануу керек. Жаңы жүздөр керек. Жаңы ойлор керек..

Жаш болсом да мамлекеттик кызматта, жеке сектордо тажрыйба, билим топтодум. 35 чыктым, адам баласына таандык болгон эң күчкө толгон, ишке, ашка тойбогон, тишин менен таш чайнай турган убакта турам. Ошол күчүмдү, билимимди мамлекетибиздин бутуна турушуна, өнүгүүсүнө жумшайын деген тилегим, ниетим бар. Аткарылгыс убада бергим келбейт, кулакка уккулуктуу убада да бергим келбейт. Бирок ыйык мекенибизге ак ниетим менен, болгон күчүм менен, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын туу тутуп кызмат кылам деген убада бергим келет.

Менин программам жөнөкөй:

1 Колду таза кармап

2 Мыйзамдарды кынтыксыз сактап

3 Элди алдабай

4 Келечектеги  муундарды ойлоп

Ыйык Мекенибизге -Кыргыз Республикасына ак эмгек кызмат өтөө!,-деп айтылат талапкердин кайрылуусунда.

Талапкер Алиев Медербек Кубанычевич тууралуу маалымат

1986-жылы 29-октябрда Жалал-Абад областынын Аксы районунун Жаңы-Жол айылында туулган. 2004-жылы орто мектепти аяктап, 2010-жылы Кыргыз-Орусия Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган. 2007- жылы Университеттик Юридикалык клиникада ыктыярчы катары мектепте жана медреседе укук боюнча сабак берген.2010-жылы Бишкек шаарынын адвокаттар коллегиясында адвокаттын жардамчысы, 2011- жылы Жогорку Кеңештин аппаратында консультант, 2014- жылы  Экономика министирлигинде укуктук бөлүмдүн башчысы, 2019-жылы  Бишкек мэриясынын  шаарды өнүктүрүү агенттиктин директору, 2020-жылы Бишкек мэриясынын Инвестиция жана экономика департаментинин директору болуп эмгектенген.Азыркы учурда Мамлекеттик ипотекалык компанияда директорлордун кеңешинин мүчөсү, эл аралык Ататурк Ала-тоо университетинде жана жеке юридикалык компанияда эмгектенет.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоо болот. “Ишеним” саясий партиясы №9 катар номер менен шайлоого катышууда.  

Даярдоочу: «Barometr.kg.» редакциясы. Буйрутмачы: “Ишеним” саясий партиясы. Нускасы: 1 даана. 2021-жылдын 26-ноябрында даярдалды. “Ишеним” саясий партиясынын шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Турдакунова Эльвира Алмазбековна тарабынан төлөндү (Күбөлүк №6, 01.09.2021 жыл).

 


Ссылка: https://barometr.kg/mederbek-aliev-myjzamdaryn-tuu-tutup-kyzmat-kylam-degen-ubada-bergim-kelet



Добавить комментарий