Матраимовдор карантинге жабылган райондорго жардам берди - видео

25 март 2020 22:01 6733 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун иниси Райымбек Матраимов жана "Исмаил Матраимов" атындагы фонд коронавирус чыккан аймактарга берилген жардам тууралуу билдирди. Ага ылайык, жергиликтүү элге күнүмдүк керектүү азык-түлүк менен медициналык коргоочу беткаптар таратылган. Жардам негизинен Сузак, Ноокат райондору менен Ош шаарына берилген.

"Иним, Райымбек Матраимовдун демилгеси менен башталган кайрымдуулук иш-чарасы уланып, жөнөтүлгөн жардамдар дарегине жетип жатканын билдирем.


Коронавирус илдети алгачкылардан болуп катталган Сузак районуна жөнөтүлгөн 100 тонна ун, 6 тонна өсүмдүк майы жана 30 000 даана бет кап жардамы толугу менен таратылып бүттү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жардамы менен тийешелүү даректерге жеткирилди.


 Карантинге байланыштуу үйүнөн чыга албай отурган жардамга муктаж, аз камсыз болгон үй-бүлө катары каттоодо турган жарандарга жана илдеттин кесепети менен күрөшүп иштеп жаткан дарыгерлерге бөлүндү. Мындан тышкары блокпосттордо турган кызматкерлерге дагы жардамдар көрсөтүлдү", - деди Искендер Матраимов.


Ссылка: https://barometr.kg/matraimovdor-karantinge-zhabylgan-rajondorgo-zhardam-berdi-video



Добавить комментарий