Маркум Улан Эгизбаевдин эмгеги бааланып, Айтматов атындагы Мамлекеттик Жаштар сыйлыгына татыды
Журналист Улан Эгизбаев Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгына татыды. Улан көзү өтсө да журналистикадагы мыкты эмгектери бааланып, анын сыйлыгын жана 100 миң сомдук сертификатты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маркумдун апасы менен жубайына тапшырды.
Сыйлыкты тапшырып жатып Өкмөт башчы Уландын коррупцияга байланыштуу олуттуу журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзгөнү жана ата мекендик журналистиканын өнүгүшүнө кошкон салымын баса белгиледи.
Сыйлоо аземи Абдылас Малдыбаева Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү. Анда «Кыргыз Республикасынын Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаттары жана дипломанттары бир катар номинациялар боюнча сыйланышты. Арасында адабият, искусство, спорт, илим, технология, экономика, ишкердик сыяктуу тармактын мыктылары бар.
«Мамлекеттик жаштар сыйлыгынын максаты – өлкөбүздүн мыкты чыгармачыл күчтөрүн мекенчилдик маанайда жаштарды тарбиялоочу жана демократиялык кайра түзүүлөргө багытталган чыгармаларды жаратууга, салттуу, адеп-ахлактык-маданий, көөнөрбөс баалуулуктарды өнүктүрүүгө жана сактоого, жаш муундарды гуманизмге тарбиялоо принцибин бекемдөөгө тартуу болуп эсептелет», -деп белгиледи Өкмөт башчы.
Премьер-министр жаштарга мындан ары Лондондогу Айтматов Академиясы тарабынан берилген Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаттары болууну каалады.
Добавить комментарий ×