Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды

5 июнь 2018 22:10 921 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Замирбек Ниязалиев кармалды. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Замирбек Ниязалиев Бажы кызматынын жетекчилерине карата козголгон кылмыш ишинин натыйжасында кармалып, Биринчи Май райондук сотунун чечими чыкканга чейин камакка алынды.

Эске салсак, "Түндүк" темир жол бажысынын мурунку башчысы Нурбек Айбашевге Кылмыш-жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 17-июнга чейин абакта калтыруу чечими чыгарылган

Ссылка: https://barometr.kg/mamlekettik-bazhy-kyzmatynyn-bashchysynyn-orun-basary-zamirbek-niyazaliev-karmaldy



Добавить комментарий