Мамлекет башчысы салык процедураларын мындан дагы жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи

12 февраль 2020 16:25 408 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Курулушка уруксат берүү жана экспертиза чөйрөсүндө бирдиктүү терезе принцибин 2020-жылы толук кандуу ишке киргизүү талабын коем», — деп баса белгиледи  Президенти Сооронбай Жээнбеков, бүгүн, 12-февралда, Бишкекте өткөн Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынында.

Бул тууралуу Президенттин официалдуу сайты билдирди. Мамлекет башчысы салык процедураларын мындан дагы жөнөкөйлөтүү зарылдыгын белгиледи.

Дагы бир маанилүү иш — салыктык процедураларды фискалдаштыруу, биринчи кезекте, электрондук счет-фактураларды жана онлайн контролдук кассалык машиналарды киргизүү камсыздалышы керек.

«Электрондук кол тамганы колдонууга кеңири киргизүү маселесин тез арада бизнес менен биргеликте чечүү талап кылынат. Мындан тышкары, лицензия жана уруксат берүү багытындагы реформаларды улантып, аларды автоматташтыруу тапшырмасы коюлат», — деп баса белгиледи Президент.

Мамлекет башчысы бул иш аткарылбагандыктан, курулуш тармагындагы тоскоолдуктардан улам, курулушка уруксат алуу боюнча Дуинг бизнес рейтингинде Кыргызстан акыркы төрт жылда 20-орундан 90-орунга, 70 позицияга ылдыйлап кеткенин айтып, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчилигин сынга алды.

Ссылка: https://barometr.kg/mamleket-bashchysy-salyk-proceduralaryn-myndan-dagy-zhnkjlt-zaryldygyn-belgiledi



Добавить комментарий