Максат Дамир уулу Туризм департаментинин директору болуп дайындалды
Бөлүшүү:
Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору – министрдин орун басары болуп Дамир уулу Максат дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.
Мурдагы жетекчи Азамат Жаманкулов октябрь айында кызматынан бошотулуп, маалымат жана туризм министри болуп дайындалган.
Дамир уулу Максат АКШда, Японияда окуп келген. Учурда 33 жашта жана үй-бүлөлүү.
Ссылка: https://barometr.kg/maksat-damir-uulu-turizm-departamentinin-direktoru-bolup-dajyndaldy
Добавить комментарий ×