Майрам Акаева Кыргызстанга келди деген маалыматтын чын-төгүнү такталды
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева Кыргызстанга келди деген маалымат чындыкка коошпой турганын Акаевдердин үй-бүлөсүнүн жакын адамы Токтайым Үмөталиева “Барометр” агенттигине билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн, 12-февралда, "Манас" аэропортунан Майрам Акаеваны VIP залынан атайын кишилер тосуп алып кетишти деген маалымат тараган.
Үмөталиева Майрам Акаеванын азыр Кыргызстанга келгенге убактысы да, алы дагы жок экенин айтты.
“Бул маалымат таптакыр туура эмес. Балким айрым күчтөр Акаевдерди жаманатты кылуу үчүн атайын чыгарып жатышкан болушу мүмкүн”, — деди ал.
Чек ара кызматы Майрам Акаева бүгүн, 12-февралда, Кыргызстандын аймагына кирбегенин расмий түрдө маалымдап, Акаева өлкөгө келди деген маалымат чындыкка жатпай турганын билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/majram-akaeva-kyrgyzstanga-keldi-degen-maalymattyn-chyn-tgn-taktaldy
Добавить комментарий ×