Пияздын жыты, нымдуу туз, каткан дак. Майда, бирок, пайдалуу кеңештердин топтому

29 декабрь 2022 10:12 6070 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күнүмдүк тиричиликте кээде майдадай көрүнгөн нерселер чоң түйшүк жаратышы мүмкүн, ошол себептен майда, бирок маанилуу, пайдалуу кеңештерди сиздер үчүн "Барометр" сунуштайт.

- Алыс жакка сапарга чыгып, бирок бөлмөдө гүлдөрдү караганга эч ким жок болуп калды дейли. Мындай учурда желим баштыкка (баклажка) суудан толтуруп, анын капкагын мык менен майда тешип, көзөнөкчө жасап туруп, көзөнөкчөсүн жерге каратып, гүл турган карапага коюп коёт. Баштыктагы суу акырындык менен гүлдү сугара берет.

- Үйдө күмүш идиштериңиз бар болсо аларды төмөндөгү ыкма менен тазалап алса болот:

алюминийден жасалган кастрюлга 1л сууга 1 аш кашык туз, 2 жумуртканын сырткы кабыгын салабыз. Суу кайнап чыккандан кийин ага айры менен кашыктарды салып,15 секундтан кийин алып, сүлгү менен кургатып аарчып коёбуз. 

- Жаңы шыпыргыны 2-3 саатка туз кошулуп кайнатылган ысык сууга салып койсо, мындай шыпыргы узакка кызмат кылат.

- Столдогу туз ным тартып калбас үчүн ага картошканын унунан аралаштырып кою керек.

- Чай кайнаткан чайнектин ичи катмарланып турса , суунун кайнашы учун чон энергия керектелет. Ашкана содасын сууга кошуп, ал коюу боткодой болгондо чайнектин ичине салып, андан кийин уксустан куябыз. Ошондо чайнектин ичиндеги катмар жумшарып калат да аны тазалап коюу онойго турат.

- Эт туурагычтан каттуураак этти өткөруу кыйынга турса, эт туурагычтын ичине өсумдүк майынан 2 -3 кашык куюп койсо, кыйынчылык туудурбайт.

- Үтүктө кетирүүгө кыйын болгон дак калса, анда үтүктү бир аз ысытып, ашкана соодасына салынган, нымдуу марли менен сүртүп коюу керек.

- Ачык банкадагы томат пастасынын үстүнө бир аз туздан сээп, өсүмдүк майынан куюп койсо, бузулбай көпкө сакталат.

- Пияз тазалагандан кийин, колго туздан сээп анан жууп койсо, колдогу жыт таза кетет.

- Казан же кастрюлъ абдан кир же күйүп кеткен болсо, аны тазалаш үчүн күлдөн калың салып, суу куюп,бир нече саат кайнатып койсо андан кийин тазалоо кыйынчылык туудурбайт.


Ссылка: https://barometr.kg/majda-birok-maaniluu-pajdaluu-keneshter



Добавить комментарий