МАИ кызматкери унаасын туура эмес токтоткон. Мыйзам баарына бирдей иштейби?

17 февраль 2019 19:51 3355 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкери өз кесиптешине жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып салган видео тарады. Анда көрүнүп тургандай, жолду көзөмөлдөп турган инспекторлор өздөрү унаасын жол жээгине туура эмес токтоткон. Видеонун автору инспекторго барып, мыйзам боюнча эрежени бузуп жаткандыгын айтып, протокол түзүлүшү керектигин, мыйзам баарына бирдей иштеши керектигин айтып жаткандыгын көрүүгө болот. Камерадан уламбы, инспектор кылган катасын моюнуна алып, айып пул төлөөгө макул болду. Жаңы кодекстер боюнча 1000 сом өлчөмүндөгү айып пулга протокол түзүлдү.

Мындай көрүнүшкө айрымдар видеонун авторун мактаса, кээ бири "Бул жөн гана эл алдындагы көрсөтмө, эки-үч унаадан алган акча менен кайра эле айып пулду жаап коет, болбосо протокол тытылып жолдо калат деген пикирлерин калтырышты. 



Ссылка: https://barometr.kg/mai-kyzmatkeri-unaasyn-tuura-emes-toktotkon-myjzam-baaryna-birdej-ishtejbi



Добавить комментарий