Махабаттын ачуусу менен, достуктун бекемдигин камтыган «Арзуу менен Америкага» көркөм фильми

28 октябрь 2018 12:00 1198 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чыныгы окуянын негизинде тартылган «Арзуу менен Америкага» аттуу көркөм фильм учурда Бишкектин баардык кинотеатрларында коюлуп жаткан кези.

Фильмге  Голливудтун белгилүү актеру Марк Дакаскос тартылган. Кинонун  маңызы достуктун бекемдигин, махабаттын  азабын камтыйт. Фильм Бишкек, Астан, Чикаго, Лас-Вегас, Лос-Анджелес, Сан-Франциско шаарларында  сапаты жагынан эң мыкты деңгээлде тартылган.

«Биз кинону чыныгы окуянын негизинде тарттык. Анда башкы каарман Америкадагы махабатына жетүү үчүн кандай кана кыйынчылыктарды башынан өткөрбөйт. Башка кыйынчылык түшкөн учурда, эч качан үмүттүн шооласын үзбөш керек экенин көрүүчүлөргө фильм менен айткыбыз келди» деди фильмдин башкы продюсери Кубатбек Жолдошов.

Ссылка: https://barometr.kg/mahabattyn-achuusu-menen-dostuktun-bekemdigin-kamtygan-arzuu-menen-amerikaga-krkm-filmi



Добавить комментарий