Маданият министрлиги тайгандарды каттоо боюнча документти жарыялады

18 август 2021 10:27 2291 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Тайган багуунун эрежелери жана породаларынын стандарттары” деп аталган долбоорду коомдук талкууга алып чыкты. Документ министрлер кабинетинин сайтында жарыяланганын “Барометр” билдирет.

Документтин максаты - иттердин бул аңчылык түрүн улуттук баалуулук элементи катары сактап калуу.    

Документке ылайык,тайгандарды Бирдиктүү электрондук маалымат базасына каттоодон өткөрүү керек. Пароданы ырастаган документти “Кыргыз тайган клубу” коомдук бирикмеси берет.

Бул иттин түрүн баккан адамдарга бир нече милдеттер жүктөлөт. Мисалы,  иттин ээси тайгандардын оорусу, алардын адамдары же жаныбарларды тиштеп алышы тууралуу маалыматты токтоосуз түрдө жашаган жерине ылайык ветеринардык жайга билдирүүгө тийиш.

Ошондой эле документте бир катар чектөө киргизилген. Мисалы тайгандарды паркта, скверлерде, пляждарда, коомдук жайларда жетелеп жүрүүгө болбойт.

Ошондой эле алардын породалары тууралуу өзүнчө тиркеме сунушталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/madaniyat-ministrligi-tajgandardy-kattoo-boyuncha-dokumentti-zharyyalady



Добавить комментарий