Абылгазиев менен Мишустин телефон аркылуу эмне тууралуу сүйлөштү?

9 март 2020 19:55 934 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. 

Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өкмөт башчылар Кыргызстан - Россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана ар кыл чөйрөдөгү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.  

Ошондой эле Евразия экономикалык бирлиги боюнча кызматташуу маселелерине, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын эриш-аркак жылынын алкагында өткөрүүчү иш-чараларга көңүл бурулду.

Мындан тышкары Мухаммедкалый Абылгазиев жана Михаил Мишустин валюта жана мунайзат рыногундагы кырдаал тууралуу пикир алмашып, дүйнөдө түзүлгөн экономикалык конъюнктуранын кесепеттерин азайтуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин элдеринин кызыкчылыгы үчүн кыргыз-орус алакасынын бардык багыттары боюнча өз ара кызматташууну улантууга жигердүүлүгүн билдиришти

Ссылка: https://barometr.kg/m-abylgaziev-menen-rossiya-federaciyasynyn-kmtnn-tragasy-mihail-mishustin-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий