Лунара Мамытова: Исаков Билим берүү министри кызматына татыктуу. "Жертва" болуп калбаса экен...
Эмгек жана Социалдык өнүгүү министринин мурдагы орун басары Лунара Мамытов билим берүү министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин колдоду.
Бул тууралуу ал өзүнүн facebook'тагы баракчасы аркылуу билдирди.
“Каныбек Исаков билимдүү, мыкты менеджер. Көп жолу иштештик. ОшМУда окуп жатканда, ал киши проректор болчу. Кийин ректор болгондо да иштешип жүрдүк. Билим министри болгонго татыктуу. Тилегеним, саясий «жертва» болуп калбаса экен”, - деп билдирүү калтырган.
Эске сала кетсек, Лунара Мамытов бир жыл мурда Эмгек жана Социалдык өнүгүү министринин орун басары кызматынан алынган.
Депутат, (учурда вице-спикер) Аида Касымалиева ошол кездеги министр Таалайгүл Исакунова жана орун басарлары кызмат абалынан пайдаланып адистер үчүн деп келген чакырууларды өзүлөрүнө каттатып чет өлкөгө чыгып жүргөнүн айтып чыккан эле. Бул боюнча Башкы прокуратура текшерүү жүргүзүп министрликти башкарган адамдар дипломатиялык паспортторду жеке кызыкчылыгына пайдаланганын аныктаган. Анда Лунара Мамытовадан да мыйзам бузуулар табылганы айтылган.
Добавить комментарий ×