Лукашенко алтынчы ирет президент болуу үчүн Боршайкомго документтерин тапшырды
Бөлүшүү:
Белоруссиянын азыркы президенти Александр Лукашенко шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды.
Башкача айтканда Лукашенко алтынчы ирет өлкө президенти болуу үчүн шайлоого катышканы жатат.
Шайлоо 9-августта өтөт. Учурда президенттик шайлоого катышуу ниетин 17 киши билдирди.
Азыркы президенттен башка боршайкомго документтерин блогер жана ишкер Сергей Тихановский, депутат Олег Гайдукевич, инженер-дизайнер Виталий Зелковский, фермер Юрий Ганцевич андан тышкары Николай Статкевичтин командасынан сегиз талапкер берген.
Добавить комментарий ×