Өлкөнун ички дүң продукциясынын көлөму былтыркы жылга салыштырмалуу 0,7 % га өстү

13 июнь 2018 02:30 815 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы 5 айда өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 171 миллиард сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитетинин эсептер  жана экономикалык баланстар бөлүмүнүн башчысы Алмагүл Кудайбердиева маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 0,7 пайызга өсүш болгон. "Кумтөр" кен казуу ишканасын эсепке албаганда ички дүң продукциянын көлөмү 153 миллиард сомдон ашып 2,5 пайызды түзгөн.

Ал эми өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январь-май айларына карата 91 миллиард сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 3,3 пайызга азайган.

"Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн азаюусу транспорттук каражаттарды, машиналардын жабдыктарын өндүрүүнүн, металл кендерин казып алуунун көлөмүнүн азаюсу себеп болду", - деди Кудайбердиева.

Ошондой эле ал акыркы айда өлкөдө тамак-аш азыктарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы төмөндөгөнүн белгилеп кетти.


Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, 2017-жылы ички дүң продукциянын көлөмү 493 миллиард 3 миллион сомду түзгөн.

Ссылка: https://barometr.kg/lknun-ichki-d-produkciyasynyn-klmu-byltyrky-zhylga-salyshtyrmaluu-07-ga-st



Добавить комментарий