Кыргызстанда дагы 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

20 июнь 2020 11:34 523 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 20-июнуна карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруу жалпысынан 2 981 учурга жетти. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.
 Стационарда – 498, алардын ичинен реанимацияда – 5
 Ооруканадан чыгарылды – 1 981
Каза тапты – 35

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 13 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды:

 Бишкек ш. – 7

 Чүй облусунда – 5

Ош ш. – 1  

Ал эми стационарлардан сутка ичинде 1 медкызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 546 учур катталды, алардын ичинен 382 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан.

Ссылка: https://barometr.kg/lk-boyuncha-13-medicinalyk-kyzmatker-koronavirus-zhukturup-aldy



Добавить комментарий