Ѳлкѳ башчы иш сапар менен Нарынга барат

21 август 2019 13:55 1904 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Ѳлкѳ башчы Сооронбай Жээнбеков эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

"Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн аймактарына иш сапарларын улантууда. 21-22-августта мамлекет башчы Нарын облусуна иш сапары менен барат", - деп айтылат маалыматта.

Иш сапарынын алкагында ѳлкѳ башчы калкты таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системаларын калыбына келтирүү долбоорлорун ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышат. Нарындын инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык мааниси бар объектилерин кѳрѳт.

Андан тышкары  президент алыскы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушат.

Ссылка: https://barometr.kg/lk-bashchy-ish-sapar-menen-narynga-barat



Добавить комментарий