Лейлектин Интернационал айылына тажик аскерлери кирип келдиби? Видео

16 март 2020 15:49 1764 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен облусунун Лейлек районундагы Интернационал айылындагы Кыргызстандын жаранынын огородуна тажик солдаттары кирип келгенин жергиликтүү тургун “Барометр” маалымат агенттигине билдирди. Ал окуянын видеосун дагы салды.

Анын айтымында, кыргыз жараны огородуна көчөт тигип жатканда тажик аскерлери келип аны токтотууну талап кылышкан.

Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов тажик аскерлери кыргыз жаранынын жерине кирип келди деген маалымат бар экенин “Барометр” агенттигине билдирип, азыр маселени жеринен барып көрүү үчүн Интернационал айылына чыгып жатканын айтты.

“Аскерлер кирип келди деген маалымат келди. Азыр аны жеринен барып карап, чечүү үчүн Интернационал айылына барганы жатам. Жерине барып көрүп, жер кимге таандык экенин тактагандан кийин дагы маалымат берем”, — деди ал.


Ссылка: https://barometr.kg/lejlektin-internacional-ajylyna-tazhik-askerleri-kirip-keldibi-video



Добавить комментарий