Лак жана фендин жардамы менен жасалма акча жасагандар кармалды

26 май 2018 22:50 933 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чачка сепкен лак жана фендин жардамы менен Уральск шаарында жубайлар жасалма акча менен шугулданган Уральск шаарында жасалма акча жасап жүргөн аялы менен күйөөсү жана алардын жардамчысына карата 23-майда соттун өкүмү угузулду, деп билдирет “Мой город” басылмасы. Жубайлар жасалма акчаны Уральск шаарында интернеттен алынган көрсөтмө аркылуу басып чыгарышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө Атырау шаарынын 3 тургуну Уралтьск шаарына көчүп келип, кылмыш жолу менен акча табууну көздөшкөнүн аныктаган. Евгений менен Даниэль Скоробогатовдор жана алардын досу Дмитрий Воробьев принтер, кагаз, чачка сепкен лак жана купюраны кургатуучу фенди сатып алышкан. Интернеттен жасалма акчаны чыгаруунун көрсөтмөсүн алышкан. Атайын батирди ижарага алып кирген соң, санаалаштар “ишке” киришкен. “Эмгектин” үзүрүн алар дүкөн жана базардан көрүшкөн. Соттолгондор 25 эпизод менен айыпталса, анын 23дө 20000 теңге номиналындагы банкнотторго байланышкан. Соттун чечими менен бул үчөө тең 5 жылга чейин орто режимде эркинен ажыратылды. Бирок, эки кичинекей баласы бар болгондуктан, аялдын жазасы 5 жылга чейин кечиктирилди.

Ссылка: https://barometr.kg/lak-zhana-fendin-zhardamy-menen-zhasalma-akcha-zhasagandar-karmaldy



Добавить комментарий