Көзүңүздү көздүн карегиндей сактаңыз!
Убакыттын өтүшү менен сыналгылардын, уюлдук телефондордун, компьютерлердин, жасалма жарыктардын жана ачык түстөрдү камтыган жарнамалардын жаңы түрлөрү көбөйүүдө. Булар адамдын организмине түздөн-түз терс таасирлерди берип, көздөрдү тез эле кызарууга жана чарчоого дуушар кылышат. Мындайда албетте, көз айнек тагынып алуу менен стилдүү көрүнүп жүрө берүүгө болот. Бирок, кызаруунун, чарчоонун кам көрүүгө муктаж жагдайлар экендигин биринчи эске алган дурус
Компресстер
Укроп. 1 чай кашык укропту жарым стакан кайнак сууга 10 мүнөт демдейсиз. Аны марлядан сүзүп жиберип, эки идишке бөлүп куюп кечке чейин тыныктыруу керек. Уктаар алдында бирин муздак абалында калтырып, экинчисин ысытып аласыз. Анан марляны бир ысыгына, бир муздагына малып алып алмак-салмак 10 мүнөт тынымсыз көзүңүздүн сурмасына баса бересиз. Муну жумасына 3 жолу жасоого болот.
Ит мурун. Ит мурундун 2 даана жаңы бышкан мөмөсүн бир стакан кайнак сууга демдеп, жай отто 5 мүнөт кайнатасыз. Муздаган соң аны марлядан сүзүп салып, жарым саат тыныктыруу кажет. Анан өтө чоң эмес тоголок формадагы кебездерди ага нымдап, эки көзүңүзгө 15-20 мүнөт басып жатасыз.
Пакеттеги чай. Бир жолу колдонулуучу пакеттеги чайды колдонгондон кийин жылуу же муздак абалында көздөрүңүзгө басып жатсаңыз болот. Бул үчүн кадимки кара жана эч кандай даамдар кошулбаган чайды пайдалануу зарыл.
Көнүгүүлөр
Көпөлөк. Көз чарчап калганда жумулуп-ачылып туруусун алда канча жайлатып салат. Бул жалкоолук көрүүнү начарлатат. Андай болбош үчүн анын чарчаганын сезгенде эле көздү 50 жолу бат-баттан ирмеп коюу кажет.
Өйдө-ылдый. Башыңызды түз коюп, көзүңүз менен маңдайыңыздагы бир чекитти тиктеңиз. Анан башыңызды кыймылдатпай көзүңүз менен шыпты караңыз, 2 секунддан кийин башты ошол абалында кармап полду караңыз. Бул көнүгүүнү бир нече жолу кайталап коюу керек.
Көздүн чарчоосуна жол бербөөчү жашоо образы:
- Организмге толук кандуу эс алуу берүү же суткасына 7-8 саат уктоо;
- Пайдалуу тамактануу же курамында С витамини бай азыктарды кабыл алуу;
- Компьютер жана телевизор алдында аз отуруу;
- Күңүрт жерде китеп, гезит-журнал окубоо;
- Уйку алдында бетти жуу же косметика каражаттарынан тазалоо;
- Нерв болуудан жана ыйлоодон качуу.
Ссылка: https://barometr.kg/kzzd-kzdn-karegindej-saktayz
Добавить комментарий ×