Күзгүгө каранып ден соолугуңуздун белгисин аныктаңыз
Ар күн сайын таң эрте менен күзгүгө каранууну адатка айлантып алганбыз. Күзгүгө каранган учурда жүзүбүзгө жакшылап көңүл бөлүп, ден соолугубуздун абалын аныктоого болот. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Көзүңүздүн алды шишисе
Эгерде көзүңүздун алды шишисе бөйрөк оорусунан кабар берет. Бул учурда дарыгерге барып кан басымды өлчөтүп, керектүү анализ тапшыруу керектигин адистер эскертет.
Көзүңүздүн айланасы толугу менен шишиген болсо
Көзүңүздун айланасы толугу менен шишиген учур-сиздин абдан чарчап калгандыгыңыздан кабар берет. Мындай шартта эс алууга бел байлап, тынч отуруп, ойлонууга убакыт бөлүңүз.
Илебиңиз саргайса
Чылым чеккен адамдардын илебинин тегереги саргайып калат экен. Бул жүрөк, өпкө сыяктуу органдардын жабыркагандыгынан кабар берет.
Тилдин үстү агарып, чоңоюп кетсе
Тамак сиңирүү жакшы болбогон учурда-адамдардын тили агарып, анын өлчөмү чоңоюп кетет. Мындай шартта адистер тамактын өлчөмүн азайтууну сунуш кылат.
Тери саргайып кеткенде
Боордо кандайдыр бир витаминдердин жетишпестигинен кабар берет. Мисалга, боордогу сезгенүүлөр жана анын өлчөмүнүн чоңоюп кетүүсү.
Ссылка: https://barometr.kg/kzgg-karanyp-den-sooluguuzdun-belgisin-anyktayz
Добавить комментарий ×