Күзгүгө байланыштуу ырым-жырымдарга маани берүү керекпи?

25 сентябрь 2019 12:54 1770 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Күзгү менен эл арасында  көптөгөн ырым жырым, ишенимдер байланышкан. Алардын кээ бирлери азыркы күнгө чейин белгилүү. Күзгү эки дүйнөнү байланыштарып турган портал сыяктанып, ага байланышкан айрым нерселер жөнөкөй адамды дагы ойго салышы мүмкүн.

  • Күзгүнү эч качан белек катары берүүгө болбойт. Мурун мындай белектер менен, тартуулаган адамына жагымсыз нерселерди каалап, көрө албастык кылып, бактысын бузуунун аракети болгон. Эгерде тартуулаган күзүдөн баш тартууга эч мүмкүнчүлүк болбосо, анда алган күзүнү муздак сууга салып коюп, бир нече убакыттан гана кийин пайдаланса болот.
  • Ата бабаларыбыздын айтымында 5 жашка чейинки балдарды, өзгөчө тили чыга элек балдардын күзгүнүн алдында өзүн карап болуусуна тыюу салынган. Элдин айтымында ымыркайдын биоталаасы бул куракта жаңыдан гана калыптанып, өнүгүп жаткан мезгил болгондуктан, бул энергиянын баарын күзгү өзүнө тартып алышы ыктымал. Натыйжада баланын тили кечеңдеп чыгып, өсүп өнүгүшү жайлап, ден соолугуна  терс гана таасирин берген өндүү абалдар байкалышы мүмкүн.  
  • Өзгөчө адам ыйлап жатканда, өзүн күзүдөн көрүү өтө кооптуу. Эмне үчүн? Күзгү мындай учурда адамдын негативдерин өзүнө сиңирип алат дагы, бул негативтер ал үйдө жашаган бардык жашоочуларга таралышы айтылат.  
  • Күзгүнүн алдында көп эле  өзүн өзү сүрөткө тартуу дагы жат көрүнүштөрдүн бири. Мында сүрөткө түшкөн адам башка дүйнөдөгү жагымсыз гана күчтөрдү чакырыт. Адам түйшүктөр, кооптуу жагдайларга кабылыш ыктымал деп божомолдоп келишет.  Күзгүнүн алдында сүрөткө түшүү өзүнүн жан дүйнөсүнүн жарым менен бөлүшүп, энергияны жоготуу дегенге барабар.  
  • Уктоочу бөлмөңүздө күзү боло турган болсо, уктаар алынды сизди көрбөгөндөй кылып сөзсүз түрдө бетин жаап анан уктаңыз. Уктап жаткан адам эч качан күзгүдөн чагылбашы керек. Бөлмөдө күзгү болбогону эң ыңгайлуу.
  • Сынык күзгүгө каранууга болбой, илүүгө тыюу салыныт. Илинип турган  күзгү ар дайым таза, ыңгайлуу жерде туруусу талап. Ал дайым сизди карап, сиз жүзүңуз жана сиз жөнүндө чыныгы маалыматты кабарлап турат.

Ссылка: https://barometr.kg/kzgg-bajlanyshtuu-yry-zhyrymdarga-maani-ber-kerek



Добавить комментарий