Кызыл жарым ай уюмунун волонтеру ок жеп каза тапты

4 июнь 2018 22:20 618 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кызыл жарым ай уюмунун волонтеру Разан аль-Наджар Израиль менен Сектор Газанын чек арасында болгон кагылышууда ок жеп каза тапты.
Аль-Мезан укук коргоо борборунун маалыматына ылайык, 20 жаштагы кыз эки аймакты бөлүп турган дубалдан 100 метр алыстыкта, жарадар болгондорго жардам берүү учурунда өлтүрүлгөн. Ал Кызыл жарым айдын формасын кийип жүргөн. Жума күнү болгон кагылышууда бардыгы болуп 100гө жакын адам зыян тарткан. Каза болгон волонтердун апасы анын кийген кийимин жана сумкасынын ичиндеги медициналык бинт менен ватаны көрсөтүп мындай деди: “Бул менин кызымдын куралы! Мына ушулар менен ал каршылык көрсөткөн! Израилдик аскер аны эмнеге атып салды? Кызым, мурун да аны өлтүрүү аракеттери болгонун, бирок, качып кутулганын айткан”.

Ссылка: https://barometr.kg/kyzyl-zharym-aj-uyumunun-volonteru-ok-zhep-kaza-tapty



Добавить комментарий