Кызыл-Кыяда автоунаа уурдоого шектүү өспүрүм кармалды (Сүрөт)
Кызыл-Кыяда автоунаа уурдаган жаш өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
20-июль күнү Кызыл-Кыя шаарынын тургуну Кулатов көчөсүнө "Деу-Дайхатсу" үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз жаран тарабынан уурдалып кеткендиги боюнча Кызыл-Кыя ШИИБне арыз менен кайрылат.
Арыз Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өдүрүш иши башталган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында уурдалган автоунаа Кадамжай районунун Алга айылындагы көчөлөрүнүн биринен сүзүлгөн абалда табылган.
Ошондой эле, кылмыш жасап жоопкерчилигинен кутулуу максатында Ош шаарында качып, жашырынып жүргөн жеринен Баткен шаарынын 16 жаштагы А. М. аттуу тургуну, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
“Тергөө иштеринин жүрүшүндө ушул эле жаран 21-июль күнү Кадамжай районунун Халмион айылындагы "Баяман баатыр" базарындагы К.Жга таандык "Мерседец-Бенц спринтер" үлгүсүндөгү автоунаанын ичинен сумканы уурдап кеткендиги, ошондой эле сумканын ичинде 195 000 сом жана автоунаанын керектүү документтери болгондугу аныкталды. Кылмышка шектүүнү Ош шаарынан аныктап кармашканда жанынан уурдалган сумка жана автоунаанын документтери далил буюм катары алынган”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/kyzyl-kyyada-avtounaa-uurdoogo-shekt-sprm-karmaldy-srt
Добавить комментарий ×