Кызыл килемден ачык кийип өткөн айымга айып пул салышты

12 июнь 2019 08:52 5744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Канн кинофестивалында абдан интимдүү көйнөк кийген вьетнамдык модель акчалай айып пул төлөшү мүмкүн. Бул тууралуу www.film.сom сайты кабарлады.

Өтө ачык көйнөк кийип кызыл килемден өтүү жаңылык деле эмес. Антсе да модель жана модельер Нгок Тринди Ханойдон 9000 миль алыскы аймакта кийгенине карабастан Вьетнам бийлиги мыйзам бузууга айыптады.

 «Анын көйнөгү акылга сыйгыс. Коомчулуктун нааразычылыгын жаратты», – деди Вьетнамдын Маданият, спорт жана туризма министри Нгуен Тиен парламенттин жыйынында.

«Королева бикини» фильминде башкы роль ойнгон дизайнер сынчыларга көңүл бурган жок. Анын ордуна Нгок Трин бул көйнөк менен өзүн абдан жакшы сезгенин, Канн фестивалынын катышуучуларынын мактоосуна арзыганына сыймыктанды. 

Ссылка: https://barometr.kg/kyzyl-kilemden-achyk-kijip-tkn-ajymga-ajyp-pul-salyshty



Добавить комментарий